Баткен районунун тургундары дээрлик 2 миллиард сом насыя алышты

10.02.2023, 14:11 Акчабар
Баткен районунун тургундары дээрлик 2 миллиард сом насыя алышты

Былтыркы жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-январына чейин Баткен облусунун тургундарына 1 миллиард 918,6 миллион сомдук 18 955 насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маадыматка ылайык, көзөмөлдөөчү орган финансы-кредиттик мекемелерге чек ара аймагындагы насыя алуучулардын арыздарын артыкчылыктуу тартипте кароону сунуштаган.

Ал эми “Кепилдик фонду” ААК 170,5 млн сомго 158 кредит боюнча 80,3 млн сомго 155 кепилдик берген. 

Айрым финансы-кредиттик мекемелер насыя алууда талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, алардын пайызын төмөндөтүп, жеңилдетилген пайыздык үстөк менен “Баткен облусунун насыя алуучуларына насыя берүү” акциясын баштады. Ага ылайык, онлайн кредиттөө боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу