Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

28.11.2022, 10:30 Акчабар
Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.

Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алды. Ага ылайык, облустук, райондук деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын шаарда өткөрүүгө чектөөлөр кийинки жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Мэриянын бул кадамы быйыл сентябрдагы чек ара жаңжалында курман болгондор, жарадарлар жана үй-жайсыз калгандардын абалына байланыштуу.

Чектөөлөр Жаңы жыл, 8-март, Нооруз, Акыркы коңгуроо, Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Жеңиш майрамы, Эгемендүүлүк күнүн жана кесиптик майрамдарды белгилөөгө тиешелүү.

Тэги: Баткен майрам чектөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу