Баткен жана Ошту калыбына келтирүүгө үч млрд сом каралды

04.10.2022, 11:38 Акчабар
Баткен жана Ошту калыбына келтирүүгө үч млрд сом каралды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы үйлөрдү жана социалдык инфраструктураларды калыбына келтирүү үчүн 3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген каражат мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт. Сумма “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралган.

"Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоп-түзөөгө, калыбына келтирүүгө жана курууга жумшалат. Анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак жай курууга, ошондой эле жолдорду реконструкциялоого багытталат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу