Баткен: чек ара чырында бузулган эки бала бакчаны куруу иштери башталды

23.03.2023, 11:12 Акчабар
Баткен: чек ара чырында бузулган эки бала бакчаны куруу иштери башталды

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б. Ходжаев атындагы орто мектептин, “Жакшылык” жана “Эдельвейс” бала бакчаларынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди. 

Бул объектилер мурда 2022-жылдын сентябрында тажик агрессиясынан жапа чеккен. 

Маалыматка ылайык, бала бакчалардын биринин курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда. Бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. 

“Аталган объектилер чек арага жакын жайгашкандыктан коопсуз жайга көчүрүлүп, курулуштун пайдубалын куруу иштери башталган. Башкы план боюнча 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп жана 75 орундуу 2 бала бакча куруу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу