Баткенди өнүктүрүү максатында жыл сайын 500 млн сом бөлүнөт

19.01.2022, 10:33 Акчабар
Баткенди өнүктүрүү максатында жыл сайын 500 млн сом бөлүнөт

Баткен облуска өзгөчө макамдын берилиши бизнести өнүктүрүүгө мүмкүндүк берип, жумушчу орундарды жогорулатып, аймакты өнүктүрүү үчүн шарт түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Кожошев кошумчалагандай, мыйзамга ылайык, облус аймагында атайы жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштейт. Атап айтканда, ишкерлер салыктын айрым түрүнөн: кирешеге салык жана сатыктан түшкөн салыктан бошотулат, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлккө карата салыктан жана жер салыгын төлөөдөн бошотулат.

Белгилесек, президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, облусту өнүктүрүү программасы кабыл алынган, анын алкагында аталган облусту өнүктүрүү максатында жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Тэги: Баткен облусу өзгөчө макам Арзыбек Кожошев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу