Бүгүн, 6-майга карата Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан талкаланган айылдардын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 1 миллион 164,8 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Экономика жана Каржы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы төлөмдөр 4-майда жүргүзүлгөн.
Кыргызстанда баткендиктерге жардам берүүгө каражат чогултуу үчүн өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө дагы эсеп ачылган. Ага 35 миллион 423,3 миң сом түшкөн.