Бажы кызматы бюджетке келтирилген 6 млн сом зыянды аныктады

17.01.2023, 11:30 Акчабар
Бажы кызматы бюджетке келтирилген  6 млн сом зыянды аныктады

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Ф. Я.” ЖЧК дарегине 2017-жылы мыйзамсыз жер казуу боюнча атайын машиналар келгенин аныкташкан. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, товар убактылуу ташып келүү жол-жобосу боюнча бажылык тариздөөдөн өткөрүлгөн. Аталган транспорттук каражат ЕАЭБдин башка аймагына чыгарылбастан  жана андан ары бажылык тариздөөсүз Кыргызстанда турат. 

“Аталган ишкана ЕАЭБдин Бажы кодексинин талаптарына жооп берген эмес. Анын негизинде Кыргызстандын бюджетине 6 845 484 сом өлчөмүндө зыян келтирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзам бузуу фактысы каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу