Бажычылар мамлекетке келтирилген 318 миң сомдон ашык зыянды аныкташты

15.02.2023, 09:50 Акчабар
Бажычылар мамлекетке келтирилген 318 миң сомдон ашык зыянды аныкташты

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык,  “И.Т.”  ЖЧКнын дарегине Кытайдан “Volvo” жүк ташуучу унаасында кургатылган манго, кабыктагы макадамия товары келген. Бажылык текшерүү учурунда унаадан декларацияланбаган таттуулар да табылган.  

“Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, декларацияланбаган товарлардын орточо дүң баасы 1 312 500 сомду түзөт. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 318 миң 252 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта. 

Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу