Бүгүнтөн тарта жол эрежесин бузгандарга айып пул көбөйөт

08.03.2023, 12:35 Акчабар
Бүгүнтөн тарта жол эрежесин бузгандарга айып пул көбөйөт

Мас абалында унаа айдаган айдоочулар бир жылга, кайталап эреже бузгандар үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Буга чейин мас айдоочуларга 17,5 миң сом айып пул салынчу.

Жол-кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөйт.

Жаңы эрежелер 2023-жылдын 8-мартында күчүнө кирет. Жаңы эрежелерге ылайык: 

  • эгерде айдоочулук күбөлүгү жок, мас абалында унаа айдаса, анда ал үч суткага камакка алынат. Буга чейин 15 миң сом айып салынчу;
  • эгерде айдоочу медициналык текшерүүдөн өткүсү келбесе, анда ал үч суткага, ал эми күбөлүгү жок болсо беш суткага камакка алынат. Эгер айдоочунун мас экени аныкталса, анда аны бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратышат;
  • буга чейин мас абалында айдоочу жол кырсыгына кабылып, этиятсыздык менен ден соолугуна зыян келтирсе, бирок анын аракетинен кылмыштын курамы табылбаса, 20 000 сом айып салынып же 5 суткага камакка алынган. Эми айдоочу күбөлүктөн 3 жылга ажырайт;
  • тиешелүү документтери жок унаа айдагандар үчүн 5,5 миң сом айып пул салынса, эми 15 миң сом болуп, жеңилдетүүлөр болбойт;
  • светофордун кызыл күйгөндө өтүп баратканда же тротуардан айдагандарга мурда айып пулдун суммасы 3000 сом болсо, эми 5000 сом болот;
  • ылдамдыкты 40-60 км/сааттан ашкандыгы үчүн — мурда 5,5 миң сом болсо, эми 7,5 миң сом болот;
  • 60 км/сааттан ашкандар үчүн — мурда 7,5 миң сом болсо, эми 15 миң сом болот;
  • каршы тилкеге ​​чыккан айдоочуга мурда 5,5 миң сом айып салынса, эми 15 миң сом болот;
  • автобейбаштык үчүн — 15 миң сом (мурда 7,5 миң сом болчу) кайталап бузгандыгы үчүн 6 айга унаа башкаруу укугунан ажыратуу каралган;
  • кырсыкка учурап, унаасын кырсык болгон жерде калтырып кеткен айдоочу кылмыш жосундун белгилери жок болсо, мурда айып пулдун суммасы 10 миң сом болсо, эми 6 айга унаа айдоо укугунан ажырайт;
  • 70% арзандатуу менен айыптарды бир айдын ичинде төлөөгө болот (мурун 15 күн болгон);
  • жыл ичинде 3 же андан көп жол эрежесин бузгандыгы үчүн – күбөлүк алуу үчүн кайра экзамен тапшырат;
  • мурда айдоочулар 10 миң сомго чейин айып пул менен айдай алышса, азыр бул сумма 3 миң сомго чейин төмөндөдү, башкача айтканда, Кылмыш-жаза кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, айдоочу айдоочулук укугунан ажыратылып, унаасы убактылуу кармоочу жайга киргизилет;
  • жасалма мамлекеттик номур менен транспорт каражатын айдоо үчүн мурда 15 000 сом айып салынса, эми 20 000 сом, кайталап жасалган иш үчүн 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу