Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Телесабактарды өтүү үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандалып алынган. Алар - бир нече кароо-сынактарды жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан, тренингден өткөрүлгөн.
Тартылган видеолор атайын серверге, Билим берүү министрлигинин oku.edu.gov.kg/ порталына жайгаштырылып, 1-сентярдан тарта телеканалардан эфирге берилет.
Телесабактар бир жылга пландаштырылып, жалпы көлөмү 7 миң 276 саатты (видео сабакты) түзөт. Ал пандемия бүтүп, салттуу режимде окуу процесси уюштурулган учурда да кошумча билим берүү ресурсу катары пайдаланылат.