Бир айдын ичинде бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн

25.01.2023, 14:34 Акчабар
Бир айдын ичинде бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн

Өлкөдө жакынкы бир айдын ичинде бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. 

Мекеменин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь айынан тарта бензиндин дүң баасы төмөндөй баштаган. Бул бензиндин чекене баасына да таасир этиши мүмкүн. 

“Бензин баасынын акырындык менен төмөндөшүнүн негизинде кийинки бир айдын ичинде бензиндин баасы 5-6 сомго төмөндөйт. Тескерисинче, бензиндин баасы арзандаганы менен дизель майынын баасы өсүүдө. Мындан улам, дизель майынын баасы төмөндөбөйт”,- деп айтылат маалыматта. 

Кошумчалай кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бензиндин баасы туруктуу болушу үчүн тиешелүү чараларды көрүүдө. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу