Бир жумада экспорттоого арналган 9,8 миң тонна айыл чарба продукциясы текшерилди

14.04.2022, 09:27 Акчабар
Бир жумада экспорттоого арналган 9,8 миң тонна айыл чарба продукциясы текшерилди

Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти экспорттоого арналган айыл чарба өндүрүмүнө карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-апрелден 8-апрелге чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоого арналган 9 миң 892 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы текшерилди.

“Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жогоруда белгиленген мезгилде Кыргыстандын экспортунун негизги көлөмү Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын жашылчаларына туура келет. Анын жалпы көлөмү 3 миң 770 тоннаны түздү. Экспорттук жеткирүүлөрдүн негизги өлкөлөрү – Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрү түздү. Андан кийин буурчак өсүмдүктөрүн экспорттоо көлөмү өсүүдө – 2 миң 657 тоннаны түздү. Негизинен дан жана буурчак өсүмдүктөрүн экспорттоо Чүй жана Талас облустарында жүргүзүлөт.Экспорттук жеткирүү өлкөлөрү – Россия, Түркия, Сербия, Иран жана Казакстан.

Белгилей кетсек, башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылча-жемиштер жогорку экспорттук потенциалга ээ.

Тэги: фитосанитардык көзөмөл жашылча жемиш ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу