Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды

01.03.2022, 12:14 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өнөктүк ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.

"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү",- деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 28-февралда юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады. Анда салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү болгон.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: Бирдиктүү салык декларация Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу