Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык жаран кайтарылды

26.05.2020, 16:45 Акчабар
Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык жаран кайтарылды

Бүгүн, 26-май күнү Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык жаран (балдары менен 450) кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Кыргызстандык жарандар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

«Тандоо кош бойлуу (5-8 айлык боюнда) жана кичинекей балдары бар аялдардын арасында, алардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлдү. Андан тышкары келүүнү каалагандар көп болгондуктан, алардын арасында мындан мурда "Аэрофлот" компаниясынын аба каттамдарына билет сатып алып, бирок эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттамдар болбой, учуп кете албаганы эске алынды», — деди билдирет министрлик.

Келген жарандардын баары обсервацияга жаткырылат.

Министрликтен белгилешкендей, мекенине кайтууну каалаган чет жердеги жарандарды алып келүү иштери уланууда. 

Тэги: Бишкек-Москва 393 кыргызстандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу