Бишкек жана Ош шаарларында калктын аярлуу катмарына берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат

31.03.2020, 16:00 Акчабар
Бишкек жана Ош шаарларында калктын аярлуу катмарына берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери мезгилинде коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөр учурунда кайдыгер эмес жарандар тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында калктын аярлуу катмарына берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты. 

Бишкек шаары:

Аз камсыз үй-бүлөлөргө коронавирус илдетине каршы иш-чараларда гуманитардык жардам иретинде азык-түлүк, медициналык каражаттар, финасылык жардамдар берилүүдө.

Демөөрчүлөр  тарабынан 2,7 тонна ун, 460 литр өсүмдүк майы жана 2 тоннадан ашык  азык-түлүк (макарон, күрүч кумшекер ж.б.) таркатылды. 

Ишкерлер тарабынан 1000 даана медициналык беткап, 320 литр антисептик, 360 даана жана башка 300 жакын дезинфекциялык каражаттар берилди. 

№20 муниципалдык аймактык башкармалыгы чарба субъектилер жана соода борборлор менен биргеликте муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагындагы көп балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө азык түлүк жеткиришти. 

Дордой-2 конушундагы 10дон ашык батир ээлери 1 айлык ижара акы төлөмүнөн бошотулду. Ошондой эле, жеке ишкерлер тарабынан Ак-Бата конушунун тургундарына жардам берилди. 

№ 17, 19, 20, 21 муниципалдык аймактык башкармалыктарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам катары азык-түлүк таратылды.

Андан сырткары, ишкерлер, шаардагы мекеме-ишканалар тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын атайын эсебине 131 миң 750 сом акча каражат которулду.

Ош шаары боюнча

Ош шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк, медициналык каражаттар, финасылык жардамдар берилди. 

Демөөрчүлөр тарабынан 26,0 тонна ун, 1100 литр өсүмдүк майы жана 2 тоннадан ашык башка азык-түлүк (макарон, күрүч кумшекер) таркатылды. 

Ишкерлер тарабынан 5600 даана медициналык беткап жана 30 даана халат берилди. 

Андан сырткары, башка ишкерлер, шаардагы мекеме-ишканалар тарабынан Ош шаарынын мэриясынын атайын эсебине 3 млн 475 миң 934 сом акча каражат которулду.

Тэги: Бишкек жана Ош шаарлары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу