Бишкектин 2021-жылга карата бюджети 10,2 млрд сомду түзүшү мүмкүн

18.02.2021, 15:30 Акчабар
Бишкектин 2021-жылга карата бюджети 10,2 млрд сомду түзүшү мүмкүн

2021-жылы Бишкек шаарынын бюджетинин жалпы кирешесинин көлөмү 10 млрд 230 млн 993,6 миң сомду түзүүсү болжолдонууда, бул дээрлик өткөн жылдагы деңгээлге барабар. Бул тууралуу коомдук талкуунун жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров билдирди.

 

Анын айтымында, 2021-жылы салыктык киреше 8 млрд 951 млн 248 миң , же жалпы кирешенин 87,5%ын түзөт.

«2021-жылы жергиликтүү бюджет боюнча киреше салыгы боюнча бөлүштүрүү 100%га көбөйгөн (2020-жылы 85% болгон). Ошол эле учурда жергиликтүү бюджет боюнча сатуулардан алынган салык боюнча бөлүштүрүү 0% (2020-жылы 25% болгон). Өз кезегинде салыктык эмес киреше 1 млрд 181 млн 996,1 миң сомду түзүүсү божомолдонууда. Ошондой эле 2021-жылы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча максаттуу трансферт түрүндө республикалык бюджеттен 75 млн сом түшүүсү болжолдонууда», - деди ал.

 

Мындан тышкары, төрага 2020-жылы бюджеттин киреше бөлүмүнүн төмөндөөсү 1 млрд сомдон ашкан, 2021-жылы дагы бюджеттин кирешеси ушундай эле деңгээлде түшүү коркунучу бар.

 

«Мен бул жылы дагы пандемия менен күрөшөбүз деп ойлоп жатам. Бизде бюджет теңдемделген, ага ылайык чыгымдар дагы кирешенин деңгээлине жараша жазылган», - деди Абиров.

 

Жалпысынан калаа бюджети социалдык жакка багытталганы такталууда, жалпы чыгымдын 55,9%ын социалдык чыгымдар түзөт, анын ичинде:

  • Саламаттык сактоого – 237 млн 917 миң сом (2,7%);
  • Эс алуу, маданиятка – 522 млн 377 миң сом (5,1%);
  • Билим берүүгө – 4 млрд 534 млн 117 миң сом (44,3%);
  • Социалдык коргоо – 386 млн 328 миң (3,8%).

Жалпы 5,5 млрд сомду түзөт.

Тэги: бюджет Бишкек шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу