Бүгүн, 29-октябрда Бишкек ЖЭБинде тутумдук авария болду. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди.
Холдингдин маалыматына ылайык, жогорку чыңалуудагы тармактарында болгон авариянын улануусун токтотуу үчүн коргоо системи ишке кирген.
Окуянын күбөлөрү байкаган түтүн - бул буу казан агрегаттарынын иштен чыгышына жол бербөө үчүн казан жабдуусунан чыккан буу.
Учурда жогорку чыңалуудагы тармактардагы тутумдук авариянын себептери иликтенүүдө.
Белгилей кестек, мурдараак Бишкектин бир топ аймагында электр жарыгы өчүп, кайра күйдү.