Бишкекте “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

25.03.2022, 09:57 Акчабар
Бишкекте “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Бишкекте “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Ал 1-апрелге дейре созулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алкагында меймандар ата мекендик жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы менен таанышып, аларды ортомчуларсыз сатып алса болот.

23-мартта өткөн иш-чарага Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, бизнес-акыйкатчынын орун басары С. Пономарев, Россиянын Кыргызстандагы Соода Өкүлүнүн орун басары А. Самановдун катышуусу менен өткөн. 

Пономарев билдиргендей, жеке ишкерлер кыйынчылык тартып жаткан дүйөлүк оор процесстеринин фонунда “Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022” сыяктуу иш-чара бизнес үчүн потенциалдуу өнөктөштөр жана керектөөчүлөр менен көпүрө курууга жакшы мүмкүнчүлүк. Мындан тышкары, эффективдүү жумуш үчүн коммуникация түзүүгө ылайыктуу болуп эсептелет.

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы Соода Өкүлүнүн орун басары Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары товарларды, кызматтарды жана капиталды эркин айлантууга, бир катар артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди алууга укуктуу экенин эске салды.

Тэги: Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2022 ЕАЭБ бизнес-акыйкатчы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу