Бишкекте «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» ири өнөр-жай көргөзмөсү өтөт

14.03.2022, 15:20 Акчабар
Бишкекте «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» ири өнөр-жай көргөзмөсү өтөт

Бишкекте “EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022” ири өнөр-жай көргөзмө-жарманке өтөт. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, эл аралык иш-чара Министрлер кабинетинин колдоосу менен 2022-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин уюштурулат.

Программа эки бөлүктөн турат: көргөзмө жана жарманке.

23-марттан 25-мартка чейин Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкө-мүчөлөрүнүн катышуусунда көргөзмө өтүп, меймандар курулуш, дизайн жана интерьер, транспорт жана логистика, лизинг, энергетика, өрт жна техникалык коопсуздук тармактары, ошондой эле, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмөнүн жалпы аянты 2 мин чарчы метрди түзөт.

Көргөзмөнүн максаты – ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукцияларды жана кызматтарды ички, тышкы рыноктордо алдыга жылдыруу, Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий- техникалык, маданий өз ара кызматташууну илгерилетүү болуп эсептелет.

Көргөзмөдөн соң дароо эле 26-марттан 1-апрелге чейин элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси өтөт. Меймандарга эмерек, тамак-аш, суусундук, бал продукциясын, тиричилик буюмдарды, жеңил өнөр-жай өндүрүмдөрүн өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Көргөзмө-жарманкенин өтө турган жери: Бишкек ш., "АЮ-Гранд" СБ, Чолпон-Ата көч. 2, ( Горький көч. менен кесилиште). Бул ирет көргөзмө-жарманкенин өзгөчөлүгү - Бизнес-акыйкатчы Институтунан маалыматтык сессия өтөт. Темасы - "Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы”.

Бардык каалоочулар бул сессияга 24 -мартта "Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022" алкагында катыша алат. Башталышы 11:00до. Бизнес-акыйкатчынын Катчылыгынын адистери мамлекеттик органдар тараптан жеке ишкерлердин укуктарынын бузулушу боюнча акысыз кеп-кеңеш жана багыт берет.

Тэги: көргөзмө жарманке соода

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу