Бишкекте жашыл облигацияларды чыгаруу боюнча окутуу өттү

27.03.2023, 16:33 Акчабар
Бишкекте жашыл облигацияларды чыгаруу боюнча окутуу өттү

Бүгүн Бишкекте банктардын, инвестициялык фонддордун жана каржы компанияларынын өкүлдөрү үчүн жашыл облигацияларды чыгаруу боюнча семинар өтүлдү. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Иш-чараны Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстандын банктар биримдиги жана Бишкек “Green Finance Center” уюму уюштурду.

“Жашыл облигациялар Кыргызстан үчүн жаңы каржылык инструмент болуп саналат. Жергиликтүү банктар бул баалуу кагаздардын биринчи эмиссиясын 2023-жылы гана пландаштырууда. Андыктан бул семинар жашыл облигациялар боюнча билим алуу үчүн пайдалуу”, - деп айтылат маалыматта. 

Улуу Британиянын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сүрүн аталган семинар жашыл каржылоо боюнча суроолорго жооп берүүгө жана экономикалык өсүш үчүн бул инструментти эффективдүү колдонууга жардам берерине ишенерин билдирди. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу