Бишкекте жумушсуздарды кесипке үйрөтүүгө 3,6 млн сом жумшалат

23.02.2023, 14:20 Акчабар
Бишкекте жумушсуздарды кесипке үйрөтүүгө 3,6 млн сом жумшалат

Бишкек шаарындагы жумушсуздарды кесипке үйрөтүүгө 3,6 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады. Cынакты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жарыялаган. 

Жумушсуздарды төмөнкү багыттар боюнча окутуу пландалууда: 

  • кеңсе ишин билген менежердин жардамчысы, 
  • компьютерди кесипкөй колдонуучу, 
  • ARCHICAD программасында архитектуралык дизайн, 
  • AUTOCAD программасында дизайн, 
  • графикалык дизайнер: 
  • брендинг, COREL DRAW, ADOBE негизиндеги жарнама индустриясы 
  • PHOTOSHOP программалары, 
  • бухгалтердик эсеп (IFRS) + 1С : ИШКАНА,
  • "В" жана "С" категорияларынын айдоочулары, 
  • англис тили + (elementary жана intermediate) окутулат. 

Сынактын катышуучусунун жумушсуз жарандарды окутууда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген билим берүү ишин жүргүзүү укугунун лицензиясы, окуу процессин ишке ашыруу үчүн шарттар, билим берүү тармагында көзөмөлдүк стандарттар болушу керек (лицензияга тиркемелер) .

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу