Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалга капсула салынды

29.04.2022, 10:25 Акчабар
Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалга капсула салынды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушун баштоого капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар болот. Анын сметалык баасы 98677,22 миң сом, тендердик баасы 81573,98 миң сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубал чуңкуру 100%га казылды.

Садыр Жапаров чогулгандардын, анын ичинде балбандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү күндүн маанисине токтолду. Анын айтымында, бул тарыхта кала турган өзгөчө күн.

“Өлкөнүн эгемендүүлүк мезгилиндеги эң эле эсте калган жылдар - бул 2021-жыл болду. Анткени балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиадада, Норвегиянын Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнө ары сыймыктуу, ары унутулгус жаңылык киргизишти. Чынында эле, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командабыз барган ар бир мелдешинде биз үчүн чоң майрам тартуулашат. Алар спорт журтчулугу суктанарлык татыктуу күрөш көрсөтүп, кыл чайнашкан кармаштарда жеңиш чегине чейин жетип, кызыл желегибизди бийик желбиретип келишүүдө”, - деди Жапаров.

Президент белгилегендей учурда күрөш чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Бардык спорт чөйрөсү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык шарттардын жоктугу, колдо бар машыгуу жайлардын абалынын начардыгы эң биринчи маселе катары белгиленип, өлкө боюнча заманбап залдар курулуп баштаса, спортту өнүктүрүүгө чоң дем, чоң түрткү болоору айтылды.

Өз кезегинде спортчу Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын атынан мамлекет башчысына спортко жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.    

Тэги: Спорт зал капсула Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу