Бишкектеги №12 мектептин жаңы имаратын курууга Бирдиктүү депозиттик эсептен 71 млн сом бөлүндү

05.03.2020, 17:30 Акчабар
Бишкектеги №12 мектептин жаңы имаратын курууга Бирдиктүү депозиттик эсептен 71 млн сом бөлүндү

Бишкектеги №12 мектептин жаңы имаратын курууга коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсептен 71 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башчысынын орун басары Жумабай Каримжанов билдирди.

Анын айтымында, келерки аптада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания имараттын чатыр жабууга киришет.

«Жаңы корпустун аянты 3 миң 200 чарчы метрди түзөт, ал 384 орунга эсептелген. Анда административдик бөлмөлөр, спорт зал, ашкана каралган», - деди ал.

Каримжанов белгилегендей, жаңы имаратты келе жаткан окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.

Тэги: Бишкек Бирдиктүү депозиттик эсеп мектеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу