Bitcoin алтынга атаандаштык түзөбү?

13.07.2019, 13:26 Акчабар
Bitcoin алтынга атаандаштык түзөбү?

АКШ  Федералдык резерв кызматынын башчысы Джер Пауэлл алгачкы криптовалюта күнүмдүк колдонууга эмес,  байлык топтоо баалуу металл үчүн багытталган деп жар салды. 

АКШ  Федералдык резерв кызматынын башчысы Джер Пауэлл Bitcoin  алтынга теңди.  Алгачкы криптовалюта күнүмдүк колдонууга эмес,  байлык топтоо баалуу металл үчүн багытталган деп жар салды.

 

«Эч ким биткойн менен соодалашпайт. Ал аманат катары колдонулат. Андыктан ал алтынга тете», — деди  Пауэлл.

Федералдык резервдин жарыялоосун крипто чөйрө каттуу сынга алышып, Morgan Creek Digital жетекчиси Энтони Помплиано  «вирус таратылып жатат» деп баа берген.

Ага чейин АКШ президенти Дональд Трамп  Bitcoin менен Libra криптовалюталарын сынга алган. Ал өлкөсүндө бир гана америка долларын таанырын билдирген. Долларды  «күчтүү  жана ишенимдүү» деп билдирген.

Тэги: криптовалюта Bitcoin

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу