Бизнес акыйкатчы Бишкектеги “Караван” соода борборунун ижарачыларынын укуктары бузулуп жатканын айтты

12.08.2020, 17:00 Акчабар
Бизнес акыйкатчы Бишкектеги “Караван” соода борборунун ижарачыларынын укуктары бузулуп жатканын айтты

Кыргызстандын бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит Бишкектеги “Караван” соода борборунун ижарачыларынын укуктары бузулуп жатканын билдиргенин "МаралФм" жазды.

Бизнес-акыйкатчы институтунун тараткан маалыматына караганда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана анын алдындагы объектилерди башкаруу дирекциясы “Караван” соода борборунун ижарачыларынын мыйзамдуу укуктарын бузууда.

“Каравандын” ижарачылары Бизнес-акыйкатчыга фонддун жана дирекциянын иш-аракеттери жөнүндө март айында арыз менен кайрылышкан. Анда айтылгандай, келишимдеринин мөөнөтүн узартуу же жаңы мөөнөткө ижара келишимдерин түзүү боюнча бир нече жолу өтүнүшкөн. Бирок 2019-жылдан бери соода борбордогу жайларын кагаз жүзүндө ижара келишимисиз колдонуп келишкен.

Ижарачылар ижара акысын төлөп жатышса да Мүлк фонду соода борбордун имаратын электрондук аукционго киргизген.

“Фонд ошондой эле «Ишкер адамдардын укугун коргоо жөнүндө» мыйзамда каралган ишкердик жүргүзүүнүн негизги принцибин бузган. Мыйзамдардагы мүчүлүштүктөр мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ишкердик субъектилерине каршы колдонулбашы керек”, -деп айтылат маалыматта.

Бизнес акыйкатчы 29-май күнү Мүлк фондуна жогоруда айтылган мыйзам бузууларды четтетүү сунушун берген.

Бирок фонд ижарачылардан ижарага алынган жайларын 15-августка чейин бошотууну талап кылган.

“Бүгүнкү оор экономикалык шартта, ишкерлер мамлекеттин колдоосуна жана жардамына муктаж болуп турганда, мамлекеттик органдардын мындай мыйзамсыз аракеттери бизнестин ансыз деле оор абалын ого бетер курчутат”, -деп айтылат билдирүүдө

Тэги: Бизнес акыйкатчы Караван соода борбору ижарачылар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу