Бизнес баштоону каалагандарга финансылык сабаттуулук курсу өтүлөт

23.03.2023, 16:00 Акчабар
Бизнес баштоону каалагандарга финансылык сабаттуулук курсу өтүлөт

Эртең, 24-мартта чакан жана орто бизнес баштоону каалагандар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан банктарынын бирикмеси билдирди.   

Аталган окутуу эртең, 24-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө жана 2023-жылдын 27-мартында саат 11:00дө аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда өтөт. 

"Финансылык сабаттуулуктун онлайн курсу кыргыз жана орус тилдеринде бардык иштеп жаткан жана келечектеги чакан жана орто ишканалар үчүн жеткиликтүү. Ошондой эле, финансылык саламаттыкты баалоо боюнча “FinHealth Score” онлайн анкетасы жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта. 

Тренинг 40 мүнөткө гана созулат, бирок тренингдин жүрүшүндө финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курс боюнча маалымат билим берүү платформасын кантип колдонууну үйрөнүүгө жана электрондук сертификат алууга мүмкүндүк берет.

“Онлайн курс 14 модулдан турат (11 окуу жана 3 киришүү), атап айтканда: чакан жана бизнестин түрлөрү жана аларга салык салуу, кирешелер, операциялык чыгашалар, пайыздарга, салыктарга, амортизацияга жана чегерилген амортизацияга чейинки кирешенин көлөмүнө барабар аналитикалык көрсөткүч (EBITDA) , таза киреше, акча агымы, баланс, каржылык болжолдоо жана моделдөө, ошондой эле (i) исламдык каржылоо, (ii) санариптик каржы продуктулары жана киберкоопсуздук жана (iii) каржылык эмес банк иши боюнча үч киришүү модулу болот”, - деп айтылат маалыматта.  

Тренингдерди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жана БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборлорунун базасында Кыргызстан Банктар Союзу өткөрөт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу