Австриянын бизнес делегациясы Бишкекте өтө турган ири экономикалык форумга катышат

04.10.2021, 09:01 Акчабар
Австриянын бизнес делегациясы Бишкекте өтө турган ири экономикалык форумга катышат

Венада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Рихард Шенцтин жолугушуусу өттү. Анда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын пайдаланылбай жаткан олуттуу потенциалын жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында иштерди улантуунун маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн бизнес миссияларынын өз ара визиттерин белгилеп, бул ишти 2022-жылы ишке ашыруу пландарын белгилешти.

Казакбаев Австриянын бизнес делегациясын 5-ноябрда Бишкекте өтө турган ЕБ-БA биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Бул иш-чаранын алкагында эки тараптуу кыргыз-австрия бизнес форумун өткөрүү мерчемделүүдө.

Ричард Шенц, өз кезегинде, австриялык тарап аталган форумду ткөрүүнү колдой турганын билдирди жана ага Австриянын бизнес делегациясынын катышуусун ырастады.

Тэги: Австрия Кыргызстан бизнес экономика Экономический форум ЕС-ЦА

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу