Бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык донорлордон 36 млн доллар бөлүнгөн

23.06.2020, 14:15 Акчабар
Бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн эл аралык донорлордон 36 млн доллар бөлүнгөн

«Коронавирус кризисинен улам жеке секторду өнүктүрүү катуу соккуга учурады. Өкмөт жеке секторду андан ары насыялоо үчүн финансылык мекемелерге кошумча өтүмдүүлүктү берүүгө умтулат», - деп билдирди КР Финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.
 

 

Анын айтымында, Өкмөттүн каржылык агенти катары каржы министрлиги ушул максатты өнүктүрүү боюнча төмөнкү өнөктөштөр менен келишимдерге жетишти:
 

Дүйнөлүк банк өзүнүн эки долбоорунун алкагында, ошондой эле Азия банк инфратүзүмдүк инвестициялардын колдоосунда жеке секторду каржылоо үчүн 122,5 млн АКШ доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүү насыя берүүгө даярдыгын билдиришти;

 Европа Инвестициялык Банкы июлда 25 млн АКШ доллар суммасына агрардык өндүрүштүк-сатуучу чынжырчаларды, чакан жана орто бизнести каржылоо процессин баштайт.

 

«Ошондой эле револьвердик фонддун алкагында Финансы министрлиги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн дээрлик 36 млн АКШ долларын колдонуу боюнча донорлор менен макулдашууларга жетишти», - деп кошумчалады ал.

Тэги: бизнес колдоо каражат доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу