Түрк ишкерлери инвестициялык потенциал менен таанышууга чакырылды

27.01.2023, 10:21 Акчабар
Түрк ишкерлери инвестициялык потенциал менен таанышууга чакырылды

Кыргызстандын Анталья шаарындагы башкы консулу Рустам Кошонов Конья провинциясынын Соода палатасынын төрагасы Селчук Өзтүрк баштаган түркиялык ишкерлер делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргызстандык ишкерлер менен бизнес өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Делегация мүчөлөрүнө Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана туризм, өнөр жай жана энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында башкы консул түрк ишкерлерин өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен кеңири таанышуу жана ишкердик байланыштарды түзүү үчүн быйыл Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Тэги: новости Кыргызстана инвестиционный потенциал Турция экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу