2019-жылдын 10 айында ишкерлер тарабынан алынган насыянын, 4 млрд 319.9 млн сому кайрадан бюджетке кайтарылган. Бул тууралуу каржы министрлиги билдирет.
Белгилей кетсек, 33.8% - насыянын пайызы жана салынган айып (1 млрд 459.8 млн сом) болгон, жалпы карыздын ичинен 2 млрд 860.1 млн сому кайтарылган.
2018-жылдагы берилген насыялардын 166.5% кайрадан кайтарылган.
Андан сырткары, КР УБ КР каржы министрлигиндеги чогулган эсеп 2019-жылдын январь-октябрь айларында 713.55 млн сомду түзгөн. Бул кайрадан кайтарылган насыянын суммасы болгон.
Анын ичинен:
- Германиянын насыясынан (KFW) – 496.6 млн сом;
- ЕӨБ насыясынан - 76.04 млн сом;
- Швейцариядан берилген гранттардан - 60.41 млн сом;
- Япония бийлиги тарабынан берилген гранттардан - 26.99 млн сом;
- ЮСАИД долбоорунан алынган гранттардан - 24.59 млн сом;
- Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алынган насыялардан - 21.97 млн сом;
- Кытай бийлигинен алынган гранттардан - 2.22 млн сом;
- Турциядан алынган насыялардан - 1.71 млн сом.