Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча жыйын өттү

28.08.2020, 13:20 Акчабар
Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча жыйын өттү

Премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөттүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2020-жылдын башынан бери бюджетке түшүүлөрдү жана кирешелерди жогорулатуу, ири өнөр-жай ишканаларын ишке киргизүү боюнча милдеттер коюлду.

 

«Кеңешменин жүрүшүндө бир катар маселелер, анын катарында Бизнес-омбудсмендин алгачкы 6 айындагы ишмердүүлүгү, ишкерлер укугун коргоо үчүн жазык-процессуалдык мыйзамына түзөтүүлөр, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кризистин кесепеттерин жумшартуу боюнча чаралар, салык жана укук коргоо органдары тарабынан ишке ашырылуучу ишкердик субьектилерин текшерүүгө убактылуу мораторийди кеңейтүү, ошондой эле кичи жана орто бизнестин көйгөйлөрүн жумшартуу боюнча сунуштар каралды», – деп жазылат маалыматта.  

 

Коюлган пландын маанилүү чаралары катары ишкердик секторду колдоого алуу жана жагымдуу бизнес-чөйөрөнү түзүү аркылуу өлкөнүн финансылык тутумунун туруктуулугун камсыздоо, салык жана бажы администрациялоо механизмин өркүндөтүү, ишкер субьектилерин жеңилдетилген насыялоо менен камсыздоо, ишкерлердин коммерциялык банктардагы кредиттер боюнча милдеттенмелеринин мөөнөтүн жылдыруу болуп саналат.

Тэги: премьер-министр бизнес инвестиция жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу