Былтыркы жылга салык декларациясын 530 миңден ашык жаран тапшырды

25.08.2022, 10:56 Акчабар
Былтыркы жылга салык декларациясын 530 миңден ашык жаран тапшырды

Быйылкы жылдын 1-августуна карата 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын 531 миң 918 салык төлөөчү тапшырды, анын ичинен 352 миң 548 декларация электрондук түрдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, декларацияны 54 миң 302 уюм, 201 миң 325 жеке ишкер, 168 миң 853 жеке жак, 48 миң 591 салык салынуучу кирешелери жок жеке жак тапшырды.

Ошондой эле 58 миң 847 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы декларацияны берди.

Эске салсак, декларациялык кампания ушул жылдын башынан тартып 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар, жеке ишкерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн өткөрүлдү.

Тэги: налоговая декларация ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу