КР дээрлик 8 миңден ашуун фермер 4 млрд 65 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алган

23.07.2020, 09:40 Акчабар
КР дээрлик 8 миңден ашуун фермер 4 млрд 65 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алган

Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу өзгөчө абал режиминин киргизилгендигине карабастан, үстүбүздөгү жылы айыл чарба иштери өз учурунда жана толук көлөмдө жүргүзүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков билдирди. 

 

 

«Айыл чарбаны колдоого алуу - 8» программасынын алкагында кредит берүү шарттары жеңилдетилген жана бүгүнкү күнгө карата 8 106 фермер 4 млрд 65 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алган. Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүмү 64 млрд 646,4 млн сомго барабар болгон. Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, тармактык мамлекеттик органдар тарабынан иш жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүүдө. Жөнөкөй мисал келтирсек, жакшы түшүм алуу үчүн сапаттуу үрөн керектелет. Ал эми Айыл чарба министрлиги алар менен камсыздоо боюнча тийиштүү ишти алып барган эмес. Экинчи маселе сугат суу менен камсыздоо маселесине тийиштүү», - деди Алмазбек Батырбеков. 

Алмазбек Баатырбеков ошондой эле тармактык органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жеке жоопкерчилик ала тургандыгын баса белгиледи.

 

 

Тэги: фермеры льготные кредиты сельхозпродукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу