Борбор Азияда бизнести колдоо боюнча банк ачылышы мүмкүн

03.02.2020, 17:30 Акчабар
Борбор Азияда бизнести колдоо боюнча банк ачылышы мүмкүн

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Nurbank АКнын жетекчиси Ульф Вокурка жана Казакстан республикасындагы Schneider group немис ишканасынын өкүлү Кирилл Афанасьев менен жолугушту.

Аталган ишкана Казакстандагы чет элдик бизнес компанияларын жүргүзүүдө көмөк көрсөтөт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ульф Вокурктун «Астана» Эл аралык каржы борборунун базасында Борбор Азия мамлекеттериндеги орто жана кичи бизнес өкүлдөрүнө колдоо көрсөтө турган «Борбор Азия өнүктүрүү банкын» ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Аталган банк Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен негизделиши мүмкүн деп белгиленүүдө.

«Орто жана кичи бизнести коргоо кыргыз өкмөтүнүн приоритеттүү маселеси болуп саналат»,- деп белгиледи Жээнбек Кулубаев. Кошумчалай кетсек, «Борбор Азия өнүктүрүү банкын» негиздөө мүмкүнчүлүгү 2020-жылдын экинчи бөлүгүндө өтө турчу «ЕБ-БА» экономикалык форумунда талкууланат.

Тэги: Борбор Азия бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу