Борбордук күнөсканадагы гүл көчөттөрдү сатуудан атайын эсепке 98 миң сом түштү

20.01.2022, 14:05 Акчабар
Борбордук күнөсканадагы гүл көчөттөрдү сатуудан атайын эсепке 98 миң сом түштү

Ош шаарынын борбордук күнөсканалардагы гүлдөрдү сатуудан атайын эсепке 98 миң 285 сом акча каражаты түшкөн. Мындай маалымат “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарып жаткан учурда маалым болгонун Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук күнөсканалар тарабынан жылына 1,5 млн сомдук гул өстүрүлүп, шаардагы көптөгөн жайларга эгилген. Мындан сырткары, күнөсканадагы гүл көчөттөр сатылып, атайын эсепке 98 миң 285 сом акча каражаты түшкөн.

Кара-Кысмак жана Тээке питомниктеринде 2021-жылы шаарга 71 миң 131 даана (859 миң 300 сомдук) ийне, жазы жалбырактуу көчөттөр жана бадалдар отургузулду. Муниципалдык аймактык башкармалыктарга 3738 даана (1 млн. 134 миң сомдук) ийне, жазы жалбырактуу көчөттөр акысыз берилген. Жыл ичинде питомниктерден атайын эсепке 424 миң 56 сом акча түшкөн.

Белгилей кетсек, ишкана шаар боюнча жалпы 64 обьектти тейлеп, 327 жумушчу эмгектенип келет.

Тэги: Борбордук күнөсканалар Ош шаарынын мэриясы гүл көчөттөрү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу