Кыргызстандыктар Google жана Facebook үчүн салык төлөшү мүмкүн

13.12.2021, 10:56 Акчабар
Кыргызстандыктар Google жана Facebook үчүн салык төлөшү мүмкүн

Салык кодексинин долбоорунда Google жана башка ушул сыяктуу чет элдик компанияларга электрондук коммерцияга салык салуу жана кошумча нарк салыгын (КНС) киргизүүнү караган норма камтылган. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Google, Facebook, Microsoft, Netflix, Apple ж.б ушул сыяктуу чет элдик компанияларга кошумча нарк салыгы боюнча салык салуу эч кимди таң калтырбайт жана бир караганда фискалдык саясатка – “өлкө бюджетин чет элдиктердин эсебинен толтурууга” карата адилетүү мамиле сыяктуу көрүнөт.

Мындай салык салуунун концепциясы эгерде ишмердүүлүгү Кыргызстандын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбесе, чет өлкөлүк компаниялар КНС төлөшү керек деп болжолдойт.

“Бирок фискалдык саясат чет элдик IT гиганттарына же башка чет өлкөлүк уюмдарга карата жаңы салыктар тууралуу маалыматты канчалык сунуш кылбасын, мындай салыктарды төлөө түйшүгү дагы эле кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө жүктөлөт. Мисалы, Facebook, товарларга/кызматтарга салыктар, КНС ж.б. киргизилген көптөгөн өлкөлөрдө Facebook тиешелүү штатта белгиленген салыктардын баасын өз кызматтарынын наркына кошумчалайт. Мындай тажрыйба Google жана Apple компанияларында бар”, - дейт көз карандысыз юрист Султан Калыбаев.

Мындан Facebook үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өзгөрүүсүз бойдон калаарын түшүнүү керек, анткени Facebook салыктардын баасын бир тараптуу киргизет, ал эми кызматтарды керектөөчүлөр көбүрөөк төлөшөт, бирок кызматты азыраак колдонушат.

Эгер кырдаалды жөнөкөй жарандын көз карашы менен эмес, коммерциялык уюмдардын же жеке ишкерлердин көз карашы менен карасаңыз, анда кээ бир кошумча нюанстар пайда болот. Мисалы, туруктуу мекеме менен байланышы жок чет өлкөлүк уюм тарабынан алынган Кыргызстандагы булактан кирешеге салык төлөө сыяктуу салык салуу түрү бар.

“Чет өлкөлүк уюмдар кызмат көрсөтүүдө жана Кыргызстандагы булактан киреше алууда, анда ата мекендик ишкерлер өлкө булагынан чет өлкөлүк уюмдардын кирешелерине төлөнгөн кирешенин суммасынын 10 пайыз өлчөмүндө салыкты эсептөөгө/төлөөгө милдеттүү, бирок КНС сыяктуу кошумча салыктарды төлөбөстөн. Салык кодексинин жаңы долбоорунда ошондой эле чет өлкөлүк уюмдарга карата ушундай эле салык салуу каралган жана чет өлкөлүк уюм көрсөткөн бир эле кызматка эки башка салык салынышы мүмкүн. Атап айтканда, КНС жана чет өлкөлүк уюм алган Кыргызстандагы булактан түшкөн кирешеге салык”, - деп белгиледи эксперт.

Калыбаевдин айтымында, мындай учурда ишкерлердин айрым категориялары өз кызматтарынын баасын көтөрүүгө же жергиликтүү рынокто иштөөгө туура келет. 

Тэги: налог на Google Кыргызстан экономика бюджет деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу