Кыргызстанда ким бизнес-омбудсмен болот? «Акчабардын» версиясы

17.06.2019, 13:29 Акчабар
Кыргызстанда ким бизнес-омбудсмен болот? «Акчабардын» версиясы

Кыргызстанда бизнес-омбудсменди тандашууда. Бүгүн 17-июнда тандоо болмок. Байкоочу кеңшке  өкмөттүн, Европа реконструкции жана өнүктүрүү банкы менен бизнес-ассоциациядан бештен мүчө кирет. 

Бизнес-омбудсмен эмнеге керек жана эмне иш жасайт толук билүү үчүн  бул жерден (здесь) караңыз. 

Ал эми бизнес-омбудсменин түзүү үчүн ( направят ) €1.5 млн каражат коротулат. Акчаны  Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бермекчи. 

Бизнес-омбудсменин түзүү  көптөн бери эле айтылып, бирок ишке ашпай келген. Быйыл сөздөн ишке өтүп, 13-июнда талапкерлерди тандоо болмок. Бирок, ШКУ самитине карата бул иш-чара 17-июнга калтырылган. Бүгүн беш талапкерди тандоо ( из пяти кандитатов) үчүн Байкоочу Кеңеш таңдан кечке  иштешет. Анткени, бул кызматка талаш кызуу жүрүүдө. 

12-июндая «Акчабар» он-лайн режиминде добуш берүүнү сунуштаган. Окурмандар беш талапкердин татыктуусуна тандоо жасашмак. Биздин добуш берүүгө окурмандар активдүү катышты. Бирок, аптанын жума күнү окурмандардын санынан караганда, добуш берүүнүн ортосунда чон айрымачылык жаралды. 

Биз буга көңүл буруп, бирок 16-июнга чейин өзгөртүүсуз калтырдык.  Добуш бергендердин саны 60 минге жеткен. Биздин күмөн санообузду программистер тастыктап, атайлап "добуш" берилгенин аныктап, кайталанып берилген добуштарды алып салды. 

Ошентип, «жасалма добуштарда» арылгандан кийин, бүгүн дүйшөмбүдө добуш берүү ушундай болду: 

Добуш берүүгө «Акчабардын»реалдуу 7 миң 367 окурманы катышкан. Алардын пикиринде татыктуу талапкер катары Ишкерлер кеңешинин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров саналып, ал 3 миң 275 добуш алган. Экинчи позицияны Сергей Пономарев -1 миң 884 добуш менен ээлесе, Соода өнөр жай палатасынын  вице-президенти Нурлан Мусуралиев 1 миң 593 добуш алган. Президенттик апараттын финансы-экономика бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурсулуу Ахметова КР Британиянын экс-элчиси  Робин Орд Смит экөө биригип, 600 добуш чогулткан. 

Эскерте кетели, комиссия бүгүн талапкерди тандашат. Бирок, кызматка атаандаштык күч алгандыктан шайлоого катышкан үч тарап кайсыл талапкерди жалпы жактырары арсаар. 

Тэги: бизнес голосование бизнес-омбудсмен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу