БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн программасынын 17-сессиясы өттү

21.11.2022, 12:25 Акчабар
БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн программасынын 17-сессиясы өттү

Ушул жылдын 18-ноябрында Алматыда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов делегациянын башчысы катары Борбордук Азиянын экономикасы үчүн  (СПЕКА) Бириккен Улуттар Уюмунун Башкаруу кеңешинин 17-сессиясынын ишине катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, СПЕКАга мүчө-өлкөлөр аймактык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана COVID-19 пандемиясынын жайылышынын терс экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешти.

Ошону менен бирге Жетектөөчү кеңештин алкагында СПЕКАнын трасттык фондун жана СПЕКАнын катчылыгын түзүүгө байланышкан маселелер каралды.

Жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү СПЕКАнын тематикалык жумушчу топторунун алкагында Жетектөөчү кеңештин акыркы 16-сессиясынан бери жетишилген натыйжаларды белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Алматы декларациясы жана SPECA Башкаруу Кеңешинин 17-сессиянын чечими кабыл алынды.

Бул сессиянын алдында 2022-жылдын 16-17-ноябрында “Жашыл жана коопсуз келечек” темасына арналган Экономикалык форум өттү.

Анын алкагында энергетикага туруктуу өтүү жана санариптик трансформация, соодадагы процедуралык жана ченемдик тоскоолдуктарды жоюу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, аймактык өз ара байланышты кеңейтүү, анын ичинде транспорт, логистика жана башка чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Тэги: БУУ экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу