Билим берүү министрлигине быйыл 49,9 млрд сом бөлүнөт

28.02.2023, 11:12 Акчабар
Билим берүү министрлигине быйыл 49,9 млрд сом бөлүнөт

Быйыл Билим берүү жана илим министрлигине 49,9 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркыга салыштырмалуу каржылоонун көлөмү 20,9 млрд сомго, же 72,4%га өскөн. 

Быйыл каржылар төмөнкү багыттарга бөлүнөрү пландалууда. 

  • 20,6 миллиард сом бюджеттик тармактын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу максатында билим берүү системасындагы мугалимдердин жана кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга;
  • 193,9 млн сом эмгек акыга квалификациялык категория үчүн үстөк акынын өлчөмүнүн жогорулашына байланыштуу мугалимдерге квалификациялык категория ыйгарууга;
  • Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзамга ылайык, Баткен облусунун билим берүү мекемелерине чыгашаларга 120,5 млн сом бөлүнөт. Каражат коммуналдык кызматтарга, тамак-ашка, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, учурдагы чарбалык муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга, билим берүү мекемелерин оңдоого;
  • педагогикалык адистиктер боюнча билим алып жаткан жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине дем берүү, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин статусун жогорулатуу максатында стипендиялардын өлчөмүн көбөйтүүгө 45,6 млн сом каралган. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу