Быйыл кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнөт

12.01.2023, 12:45 Акчабар
Быйыл кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнөт

Ушул жылы чакан жана орто бизнеске үстөксүз насыя берүү үчүн 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2022-жылдын күз айынан бери кичи жана орто бизнес тармагындагы ишкерлерге 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин пайызсыз насыя берилген.

Пайызсыз кредит алуу үчүн ишкерлер акыркы алты айдын ичинде патентке ээ болушу керек. Эгер насыянын суммасы 250 миң сомдон ашса, анда күрөө коюлат.

“Долбоордун алкагында 4 миң 200 ишкер үстөксүз насыя алган. Быйыл бул тармакка 2 миллиард сомдон ашык бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр Каржы министрлиги “Кичи, чакан жана орто бизнести чукул колдоо” долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга 1 миллиард 756 миллион сом бөлгөн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу