Быйыл Ош облусунун бюджети 2,5 млрд сомдон ашат

15.02.2023, 11:00 Акчабар
Быйыл Ош облусунун бюджети 2,5 млрд сомдон ашат

Быйыл 2023-жылы Ош шаарынын бюджети 2 миллиард 509 миллион 306 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү өткөн жылга салыштырмалуу (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 908 млн 796 миң сомго көбөйтүлгөн. Мурунку 2022-жылы Оштун бюджети 1 миллиард 600 миллион 510 миң сомду түзгөн.

Муниципалитет жалпы бюджеттин 80,7 % (2 миллиард 23 миллион 126 миң сом) салыктык кирешелер, салыктык эмес 14,1% (356 млн 180 миң). Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 5,2 % ( 130 млн сом) түзөт. 

“Мэрия быйыл шаар тургундарын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо, борбордук магистралдардын кесилишиндеги унаа тыгындарына каршы туруу, ошондой эле кошумча каржылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу