Быйыл сурдокотормо тармагына 5 млн сом бөлүү каралууда

07.03.2023, 16:46 Акчабар
Быйыл сурдокотормо тармагына 5 млн сом бөлүү каралууда

Быйыл сурдокотормо менен сүйлөшкөн жарандардын муктаждыктарына 5 миллион сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев сурдокотормо менен тартылган биринчи көркөм комедиялык “Келин темир эмес” тасмасынын бет ачарында билдирди.

Маалыматка ылайык, Эмгек министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов менен биргеликте биринчи жолу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын сурдокотормого муктаждыктары үчүн өлкө бюджетинен 5 миллион сом бөлүүнү демилгелеп чыкты.

"Учурда өлкөдө 205 миңден ашык майып жаран бар. Алардын 36 миңи балдар, 120 миңден ашыгы социалдык пенсия алышат”, - деди министр.

“Келин темир эмес” көркөм тасмасын “Бурис” чыгармачыл адамдарды колдоо коомдук фондунун жетекчиси, 1-топтогу майып Нишана Жээналиева жаратты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу