Быйыл жашоо минимумунун көлөмү 16,7 пайызга өстү

13.04.2022, 14:30 Акчабар
Быйыл жашоо минимумунун көлөмү 16,7 пайызга өстү

Ушул жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 6 миң 813,06 сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 16,7 пайызга көп.

Өкмөттүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Тэги: жашоо минимум статистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу