Былтыр дыйкандарга 495 айыл чарба техникасы лизингге берилди

13.01.2022, 09:55 Акчабар
Былтыр дыйкандарга 495 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Былтыр 1268,2 млн. сомго 495 техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 6303,5 млн. сомго 3776 даана айыл чарба техникасы лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилген.

“Министрлик Банк аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 4,5-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына министрлер кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААКму оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнүн шарттары:

  • Лизинг мөөнөтү – 7,  10 жыл;
  • Үстөк пайызы – лизинг алуучунун өз салымынын өлчөмүнө жараша
  • Жылдык 4,5, 6, 7, 9 пайызга барабар (өз салым лизингдин суммасынан 10 пайызынан кем болбоосу зарыл);
  • Күрөө – өз салым 20% жогору болгон учурда күрөө катары лизинг предмети (техника) каралат;
  • Лизинг алуучу тарабынан өз салым 20% кем төлөнсө кошумча күрөө катары айырмасына мүлк талап кылынат;
  • Камсыздандыруу техника алуусунун макулдугы менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт;
  • Лизинг операциялары сом менен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен өкмөтүн колдоосунун негизинде “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлүп, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берүү ишке ашып жатат. Мындан тышкары банктын өзүнүн коммерциялык эки долбоорлору аркылуу дыйкандарга лизинг кызматын көрсөтүп жатат.

Тэги: Айыл чарба министрлиги лизинг айыл чарта техникасы дыйкандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу