ККМ аппараттарды колдонулуп баштагандан кийин, тойкана, кафелерден түшкөн салыктын көлөмү 2,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Фейсбук” баракчасына жазды.
Анын айтымында 2022-жылы тойканалар жана күнүмдүк тамактануучу кафелерден эки жарым эсе көп салык чогулган. Кыргызстанда 370тен ашык тойкана бар. Күнүмдүк тамактануучу жайлар, башкача айтканда кафе, ашканалардын саны 2745. 2021-жылы тамактануучу жайлар аркылуу 6,2 млрд сом айланган. Андан түшкөн салык 350 млн сом болгон.
"2022-жылы ККМ аппаратынын натыйжасында, накталай көлөмү эки эсе көбөйүп, 13,5 млрд сомду түздү. Андан түшкөн салык 3 эсе көбөйүп, мамлекеттин казынасына 838 миллион сом түшкөн" - деп айтылат маалыматта.
Былтыркы жылы:
"ККМ аппараттары салык чогултууда ачыктыкты камсыздап, салыктык төлөмдөр мурдагыдай жашырылбай, мамлекеттин казынасына чогулуп баштады. Ошол үчүн 2021-жылы жалпы салыктан 105,7 млрд сом чогулса, 2022-жылы бул көрсөткүч 156,3 млрд сомго жетти", - деди Орунбеков.