Былтыр «Кумтөрдө» 17,2 тонна алтын өндүрүлгөн

20.01.2023, 16:24 Акчабар
Былтыр «Кумтөрдө» 17,2 тонна алтын өндүрүлгөн

Кыргызстанда 2021-жылы 10 тонна алтын өндүрүлсө, ал эми 2022-жылы анын көлөмү 17,2 тоннага жеткен. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, алтын резервинин көлөмү бүгүнкү күндө 40 тоннадан ашты.

“Биз кыялдар орундаларын далилдедик. Көп жылдардан бери токтоп турган ири долбоорлорду ишке киргизүүгө мүмкүн болду. Экономикабыздын локомотиви болгон “Кумтөр” кени элибизге кайтарылды. Бул суверендүү Кыргызстандын тарыхында калаары талашсыз”, - деди Жапаров.

Өкмөт башчы акыркы эки жылда тоо-кен тармагынан 48,3 миллиард сом түшкөнүн, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп (2019-жылы 13 миллиард сом түшкөн) экенин белгиледи.

Акылбек Жапаров мындан ары ири кендер мамлекет тарабынан иштетилип, алардын кирешеси элдин муктаждыгына, стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшаларын кошумчалады. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу