Былтыр Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы өткөн жылга караганда 42,3%га кыскарган

17.01.2022, 11:53 Акчабар
Былтыр Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы өткөн жылга караганда 42,3%га кыскарган

Былтыр Кыргызстан боюнча 577 миң гектар аянттан 1,3 млн тонна (тазалгандан кийинки салмакта) кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Башкача айтканда, былтыркы жылы жыйналган дандын көлөмү же 2020-жылга салыштырмалуу 28,4 пайызга аз бастырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Алсак, буудайдын дүң жыйымы 2020-жылга караганда 42,3%га, арпанын - 46,3%га кыскарды.

Андан тышкары, май өсүмдүктөрү ушул мезгил ичинде дүң жыйымы - 25,4%га, кант кызылчасы - 18,5%га, бакча өсүмдүктөрү - 14,0%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 4,4% га, дан жүгөрү - 3,2%га, картошка - 2,9% а жана жашылчалар - 1,5%га төмөндөгөн.

Тэги: кылкандуу дан эгин Улуттук статистика комитети буудай арпа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу