Былтыркы жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 5% азайып, 142,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жумушсуздуктун жалпы деңгээли 2022-жылы 5,3% түзгөн.
“Өлкө боюнча катталган расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9% деңгээлинде болду. Жалпы республика боюнча жумушсуздуктун деңгээли Баткен жана Жалал-Абад облустарында бир аз жогору”,- деп айтылат маалыматта.