Былтыр Кыргызстанга автоунааларды экспорттоо 3,1 эсе жогорулаган

10.03.2023, 14:45 Акчабар
Былтыр Кыргызстанга автоунааларды экспорттоо 3,1 эсе жогорулаган

Былтыр Кыргызстанга автоунаалардын импорту 2021-жылга салыштырмалуу 3,1 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, жалпысынан Кыргызстанга 41,2 миң (2021-жылы 13,1 миң) автоунаа импорттолгон. Автоунаалардын импортунун жалпы көлөмү 538,6 миллион долларга бааланган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанга эң көп автоунаалар Түштүк Кореядан – 10604, Орусиядан – 7136, Грузиядан – 6666, АКШдан – 5378, Япониядан – 3309, Литвадан – 2444 ташылган.

Былтыр Түштүк Кореядан автоунааларды жеткирүү 2021-жылга салыштырмалуу беш эсе өскөн. Кыргызстанга 2021-жылга салыштырмалуу 8,5 миң унаа көп импорттолгон. 

Орусиядан импорт 1,5 эсеге өстү. Ошол эле учурда Грузиядан автоунааларды жеткирүү 3,4 эсеге өскөн. Былтыр 2022-жылы Кыргызстанга 2021-жылга салыштырмалуу 4742 унаа көп алынып келинген.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу