Былтыр өлкөдө 354,6 млрд сомдук айыл чарба өнүмү өндүрүлгөн

17.01.2023, 12:52 Акчабар
Былтыр өлкөдө 354,6 млрд сомдук айыл чарба өнүмү өндүрүлгөн

Өлкөдө былтыр 354,6 млрд сомдук айыл чарба өнүмү өндүрүлгөн. Анын реалдуу өсүү темпи 2021-жылга салыштырмалуу 107,3% түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевга шилтеме берүү менен билдирди. 

Ал эми 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 4 млрд 156,2 млн АКШ долларын түзгөн.  Бул 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 36,2%га өскөн.

Анын айтымында былтыр 11 айда өлкөнүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,8%) жана Казакстанга (25,9%) туура келген.

“Бүгүнкү күнгө карата дан азыктары, ун, өсүмдүк майы, кумшекердин кору тиешелүү деңгээлде жыйналып, өлкөнүн социалдык керектөөчү азыктарынын көлөмү жетишээрлик”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу